• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жапаров «Алтын балалыкты» ишке киргизүү үчүн фондунан 3 млн. сом бөлдү

15 Тогуздун айы 2021 14:26 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Мамлекет башчысынын резервдик фондунан 3 миллион сом бөлүп берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жапаров бүгүн, 15-октябрда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан  «Алтын балалык» ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана балдар үчүн реабилитациялык борборун ишке киргизүү үчүн каражат топтоо боюнча кайрымдуулук марафонуна катышты. Мамлекет башчысы өз сөзүндө борбордун курулушу 2000-жылдары башталып, дубалы тургузулуп, бирок иштер 2005-жылы токтоп калганын белгиледи.

Үстүбүздөгү жылдын март айында Садыр Жапаров Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев  менен борбордо болуп, мекеменин курулушун бүтүрүү тапшырмасын берген. Учурда имараттын бир бөлүгүн араб өлкөлөрүнүн фонду, бир бөлүгүн «Кумтөр Голд Компани» ЖАК курууда. Мындан сырткары, демөөрчүлөрдөн, кайдыгер эмес жарандардан жана бардык каалоочулардан каражат тартуу үчүн кайрымдуулук марафонун өткөрүү чечими кабыл алынган.

Садыр Жапаров «Реабилитациялык борборду келерки жылдын 1-июнуна, балдар күнүнө арнап ачалы деген планыбыз бар», — деп билдирип, эгер  чогултулган каражаттар жетпесе, анда кийинки жылдын январынан тартып курулушту бүтүрүүгө каражат республикалык бюджеттен бөлүнөрүн кошумчалады.

«Муну өзүбүздүн балдар үчүн, жарандар үчүн жасап жатабыз. Андан сырткары, дүйнө жүзүнөн эс алуучуларды жана бейтаптарды кабыл алсак болот», — деп билдирди Садыр Жапаров.

Президенттин айтымында, «Алтын балалык» ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана балдар үчүн реабилитациялык борбору 500 бейтапка эсептелген жана келечекте кеңейтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

«Учурда эки бөлүм иштеп жатат. Кардиохирургиялык бөлүм ачылып, 5 операция жасалды. Мындан сырткары, аллергиялык бөлүм ачылды», — деди президент.

Количество просмотров: 175