• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жапаров Анкарага бизнес-джет менен учуп барды

16 Жалган куран 202312:37 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Анкарага «Embraer» үлгүсүндөгү учак менен барды. Бул тууралуу Govori.TVга мамлекет башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

«Бүгүнкү күндө учакты лизингге каттоо жол-жобосу толук бүтө элек. Андыктан компания ээси менен макулдашуу боюнча кыргыз тарап авиа отунга гана чыгымды көтөрдү. Делегация «Embraer» үлгүсүндөгү учак менен барды. Сыноо мөөнөтү уланууда, ал бүткөндөн кийин ылайыктуу учакты лизингге алабыз»,-деди Султанбаев.

Ушул тапта президент Жапаров иш сапары менен Анкара шаарында жүрөт. Анын алкагында Түрк мамлекеттеринин уюмуна катышуучу-өлкөлөрдүн башчыларынын кезексиз саммитинин жыйынына катышат.

Количество просмотров: 155