• Жума 10 Бугу 2024
  • Пятница 10 Май 2024

Жапаров: Апрелден тарта социалдык тармактагы кызматкерлердин айлыктары көтөрүлөт

9 Жалган куран 2022 19:48 Бишкек Govori.TV

1-апрелден тартып бардык социалдык тармактагы кызматкерлердин эмгек акыларын 50 пайыздан 100 пайызга чейин көтөрөлү деп чечтик. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров парламент жыйынында билдирди.

Анын айтымында, эмгек акылар бир гана салыктын эсебинен көтөрүлөт.

«Кризистик абал бара-бара оорлошо бере турган болсо, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн болгон күчүбүздү, бар мүмкүнчүлүгүбүздү жумшоого туура келет. Андыктан, Министрлер кабинети негизги басымды айыл чарбасына жасап, айдоо жерлерибизди кысыр калтырбай эгин эгип, жалпы эле айыл чарба продуктыларын өндүрүү менен аларды кайра иштетүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканы да ушундан. Кудайга шүгүр, мээнеткеч, иштегенден талбаган дыйкан элибиз бар. Алар болгону сугат суу, таза үрөн, жер семирткич жана арзан насыя гана талап кылып келе жатат. Биз колубузда болгон акчабыздын баарын бердик, 26 миллиард сом. Албетте, бул сумма бардык дыйкан-фермерлерди дүңүнөн камсыз кылып коюуга жетпейт. Ошондуктан эмдиги жылдарга дагы караштырып жатабыз. Биздин оюбуз боюнча үч-төрт жылда толук камсыз кылабыз. Албетте, казынабыз толтура болсо, быйыл эле толук камсыз кылып койсок жакшы болот эле. Бирок акыбалыбызды жакшы билесиздер. Пандемиядан кийин биз эмес өнүккөн өлкөлөрдүн экономикасы да калыбына келе элек. Бирок ушундай кыйынчылыкка карабастан, 1-апрелден тартып бардык социалдык тармактагы кызматкерлердин эмгек акыларын 50 пайыздан 100 пайызга чейин көтөрөлү деп чечтик. Эмгек акылар бир гана салыктын эсебинен көтөрүлөт. Өткөндө бир депутат «кредит алып эмгек акы көтөрүп жатасыңар» деди. Министрдин орун басары тыңгылыктуу жооп бере албай жатат, же өзү билбейт, же даяр эмес. Ал орун басар боюнча Министрлер кабинетинин төрагасына тапшырма бердим. Кызматка татыктуу эмес болсо бошотуш керек. Азыр биз кызматка тааныш билиши, же бирөөнүн көңүлү үчүн кармап турууга акыбыз да жок. Бизди убакыт күтпөйт. Эми иштейм деген элдин мындай талабын орундатып, саясатын жөндөп бере албасак, бийлик бутактарында отуруп, элге кызмат кылып атабыз деп айтпай эле коелук. Берекелүү түшүмдүн эң башкы себеби эле сугат суусу. Ошол үчүн «Суу — өмүр булагы» деп айтылат эмеспи. Бул багытта Өкмөт жыл башынан бери эле ирригация системасын жолго коюуга, каналдарыбызды тазалоого тийиштүү каражат бөлүп, алардын натыйжалуу пайдаланылышына бекем көзөмөл жүргүзүп жатат. Тармактык министрликтердин дал ушул багытка жооп берген орун басарлары жүргүзүп жаткан иштери, бөлүнүп жаткан каражаттар тууралуу парламент жыйындарында маалымат берип, ар бир каражаттын кайда, кандай жумшаларын чечмелеп берип жатат деп ойлойм. Кыскасы, эмгекчил элдин койгон талабын өз учурунда аткарып, «жаздын бир күнү жылга тете» дегенди эстен чыгарбай, эл менен тыгыз иштешүүгө маани беришибиз зарыл. Ыкчам чечүүнү талап кылган калган маселелер боюнча, мен өткөндө да айттым эле, Министрлер кабинетинин чоң жыйынына келип, өз маалында маселе коюп, жообун алсаңыздар болот. Министрлер Кабинетинин толук курамынын жыйыны ар бир бешинчи күнү саат 18-00до өтүп турат. Сиздер барып катышканга акылуусуздар. Сөзүмдүн акырында ишибиздин ыкчам жүрүшү үчүн ийкемдүү делген ыкмалар, иш-аракеттер менен кызматташуу болсо деген тилегим бар.Жогоруда белгилеп айтканымдай, ынтымагыбыз бекем болгондо гана көздөгөн максатыбызга жетебиз. Буга сиздер да макулсуздар деп ойлойм»,-деди Жапаров.

Количество просмотров: 774