• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жапаров: Байлардын чет өлкөдө катып жаткан акчаларын өлкөгө алып келүү керек

30 Кулжа 2022 14:42 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-июнда, VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи сессиясын жыйынтыктоочу жыйынында сөз сүйлөдү.

Өз сөзүндө президент Жапаров кечээ ЖКнын жалпы жыйыныда талаш жараткан жеке адамдардын мүлкүнө мунапыс берүү боюнча мыйзам долбоору тууралуу пикирин айтып, мыйзам долбоорунун максатын айтып берди.

«Араңыздардан бул мыйзамды сындап чыккандар да болду. Мына бийлик, өкмөт ушу байлардын, ичкен-жеген мурдагы чиновниктердин акчаларын адалдап берип жатасыңар деп. Ооба биздин өлкөбүздө эки жүздөн ашык байларыбыз бар. Башка өлкөлөрдөй сыяктуу эле биздин миллионерлер, миллиардерлер бар. Бирок, алар акчаларын чет өлкөлүк банктарда кармап жатышат. Кыргызстанда эмес. Чет өлкөгө барып миллиондогон долларларга завод, фабрикаларды куруп жатышат. Октябрь окуяларынан кийин колдон келишинче алдын 2 миллиард артын 100 миллион долларга чейин төктүрүп, колдон келишинче алгандай болдук. Бирок, дагы деле чет өлкөдө катып жаткан акчалар көп. Бул мыйзамдын максаты ошол катып жаткан акчаларды биздин өлкөгө алып келип, ушул мыйзамдын негизинде легалдаштырып алып келип биздин банктарга салса биздикилер пайда көрөт», — деди президент.

Кечээ Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар жеке адамдардын мүлкүнө мунапыс берүү боюнча мыйзам долбоорун карашкан.

Ал эми мыйзам долбооруна депутаттар Исхак Масалиев менен Адахан Мадумаров добуш беришкен жок. Исхак Масалиевдин айтымында, мыйзам долбоору талкууланып жатканда коррупционерлер мүлкүн мыйзамдаштыра албай турганын айтышкан.

«Бирок биз мыйзам долбоорун карап чыкканда, аны ар ким мыйзамдаштыра алат экени белгилүү болу. Киши өлтүргүчтөр, коррупционерлер шалаакылык жана кыянаттык менен айыпталгандар. Биз буга жол бербешибиз керек. Ошондуктан мен добуш бербейм. Шашпайлы, мыйзам долбоорун кийин карайлы. Коррупция деген сөздү кошпосо, мыйзам долбоору өтпөйт”, — деди Исхак Масалиев.

Количество просмотров: 726