• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Жапаров Бала-Саруу жаңы ГЭСинин курулушуна капсула салды

29 Баш оона 2021 23:17 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-августта, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Киров суу сактагычында Бала-Саруу жаңы ГЭСинин курулушуна капсула салды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысына Энергетика жана өнөр жай министрлигинин жана «Улуттук холдинг компаниясы» ААКсынын колдоосу менен «Чакан ГЭС» ААКсы Киров суу сактагычынын төмөнкү бөлүгүндө Бала-Саруу ГЭСин куруу долбоорун ишке ашыра баштаганы маалымдалды. Жол картасына ылайык, долбоор 2022-жылдын декабрь айында пайдаланууга берилиши керек.

«Жаңы ГЭСтерди куруп, экономиканы өнүктүрүү, ошол эле учурда жаратылышты сактап калып, келечек муунга бузбай-этпей өткөрүп берүү биздин башкы милдетибиз. Азыркы тапта энергетикалык көз карандысыздыкты жана коопсуздукту камсыз кылуу негизги максаттарыбыздан болуп турат. Бүгүнкүдөй шартта бул максатка жетүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр жумшалууда. Мунун алкагында бүгүнкү маалда энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө, анын ичинде чакан ГЭСтерди курууга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилейм. Бул тармакты өнүктүрүүгө салымын кошуп жаткан мекенчил, тажрыйбасы мол азаматтарыбыздын аракети менен өлкөбүздүн аймактарында чакан ГЭСтердин курулуп жатышы, албетте, кубандырбай койбойт», — деди Жапаров.

Количество просмотров: 488