• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Жапаров Балыкчы—Барскоон жолун куруу маселесин иликтеп баштоону тапшырганын айтты

15 Кулжа 2021 19:28 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-июнда «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын эмгек жамааты менен баарлашып жатып Транспорт жана коммуникациялар министрлигине Балыкчы—Барскоон жолун куруу маселесин иликтеп баштоону тапшырганын айтты.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Жапаров унаалардын үзгүлтүксүз, коопсуз жана ыңгайлуу жүрүшү үчүн бардык зарыл болгон заманбап стандарттарга жана талаптарга жооп берген кең тилкелүү жана сапаттуу жол куруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Быйыл даярдык иш-чаралары жана курулуш иштери башталат деп болжолдонууда, үстүбүздөгү жылдын күз мезгилине чейин автожолдун бир катар тилкелерине асфальт төшөө жана курулуш иштерин 2022-жылдын жаз мезгилинде улантуу пландалууда.

Садыр Жапаров учурдагы автожол эгемендүүлүк алгандан бери оңдолбой келе жаткандыгын, ошондой эле жолдун кууш экенин баса белгиледи.

Президент ишенимдүү жана заманбап транспорттук инфраструктураны жолго коюу аймактын экономикалык абалынын чыңдалышына, анын ичинде Ысык-Көлдүн түштүк тарабындагы туризм тармагын өнүктүрүүгө чоң түрткү берерин билдирди.

Количество просмотров: 213