• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жапаров «Балыкчы — Каракол» жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты

15 Жетинин айы 20219:20 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна жумушчу сапарынын алкагында «Балыкчы — Каракол» жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.

Атап айтканда, ал узундугу 141 км саналган «Балыкчы — Барскоон» унаа жолунун тилкесин барып көрдү.   Бүгүнкү күндө мында 0-25 км чейин курулуш иштери жүрүүдө. Жер үстүндөгү иштер 90% бүткөрүлүп, жасалма курулуштарды (көпүрө, түтүктөр) куруу иштери жүрүп жатат.

Иш аяктагандан кийин жолдун бул бөлүгү 4 тилкелүү эл аралык маанидеги жолго айланаары күтүлүүдө.

Количество просмотров: 296