• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жапаров БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун директору менен жолугушту

21 Аяк оона 2022 13:48 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында Нью-Йорк шаарында (АКШ) БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Башкы директору Цюй Дунъюй менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Тараптар айыл чарба жана азык-түлүк коопсуздугу жаатында эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Президент Садыр Жапаров ФАО менен ийгиликтүү өнөктөштүктү белгилеп, өлкөдө бир катар маанилүү долбоорлорду ишке ашырып жаткан Уюм менен кызматташууну күчөтүү зарылдыгын айтты.

Бүгүнкү күндө агрардык тармак жана азык-түлүк коопсуздугу маселеси негизги маселелердин бири экенин эске алган Садыр Жапаров кыргыз тарап бул багытта ФАО менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнү кааларын баса белгиледи.

Мамлекет башчысы ошондой эле БУУнун ар кандай түзүмдөрүндө тоо маселелерин илгерилетүү зарылдыгына токтолуп, Кыргызстанда 2022-жыл — Тоо экосистемаларын жана климаттык туруктуулукту коргоо жылы деп жарыяланганын эске салды.

Ошону менен бирге Президент Садыр Жапаров бул жолугушуу көп сандаган курмандыктарга алып келген кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында болуп өткөн чыккынчылык агрессиясынын фонунда өтүп жатканын өкүнүч менен белгиледи.

Өз кезегинде ФАО Башкы директору Цюй Дунъюй жолугушууга кубанычта экенин билдирип, Садыр Жапаров президент болгондон бери Кыргызстанда туруктуулук болуп жатканын белгиледи.

Анын айтымында, ФАО азык-түлүк системаларын жана айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн чоң дарамети бар Кыргызстан менен эки тараптуу кызматташууга артыкчылык берүүгө даяр.

Цюй Дунъюй ошондой эле кызматташууга мүмкүн болгон ар кандай долбоорлорго токтолду. Ал Кыргызстандын тоо маселелерин алдыга жылдырууну, өлкөдө башталган «Жашыл мурас» өнөктүгүн колдоого алды.

Башкы директор Цюй Дунъюй ФАО менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого кызыкдар экенин кошумчалады.

Количество просмотров: 95