• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Жапаров: Дагы “Ми-8” тик учагы жана 40 даана өрт өчүрүүчү техника келет

1 Бирдин айы 2023 12:24 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанга алдыда Россиядан гуманитардык жардам иретинде 40 даана өрт өчүрүүчү техника жана “Ми-8” тик учагы келет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-февралда Бишкекте атайын техникаларды жана жаңы автобустарды тапшыруу аземинде билдирди.

Анын айтымында, тизилип турган 100 даана атайын өрт өчүрүүчү техникадан тышкары, буга чейин эки заманбап тик учак, 58 өрт өчүрүүчү унаа, 81 инженердик техника жана 34 бирдик ар кандай техникалар алынган.

“Жакында Россиядан 20 млн долларга жакын суммага 40 өрт өчүрүүчү техника жана бир “Ми-8” тик учагы жардам иретинде келет. Андан кийин техника менен толук камсыз кылуу тууралуу айтсак болот”, — деди ал.

Количество просмотров: 46