Президент Садыр Жапаров Жапаров «Экономикага өзгөчө кырдаал киргизүү» мыйзамын артка кайтарды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.
Конституциясынын 70-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктуна жана 87-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Жапаров «Экономиканын өзгөчө кырдаал чөйрөсүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамды каршы пикири менен Жогорку Кеңешке кайра кайтарды.
Белгилей кетсек, аталган мыйзамды экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров демилгелеп, 29-июлда Жогорку Кеңеш үч окууда кабыл алган..