• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жапаров Эл аралык бокс ассоциациясынын президентин кабыл алды

5 Бештин айы 2022 14:48 Бишкек Govori.TV

 Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-декабрда, Эл аралык бокс ассоциациясынын президенти Умар Кремлевду кабыл алды.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Кыргызстанда боксту өнүктүрүүнүн жана өлкөдө эл аралык иш-чараларды өткөрүүнүн алкагында кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Эл аралык бокс ассоциациясынын президенти менен учурашып, анын иш сапары Кыргызстандагы бокстун өнүгүшүнө жаңы дем берерине ишеним билдирди.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда мамлекеттик деңгээлде дене тарбия жана спортту, анын ичинде боксту өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.

Садыр Жапаров өлкөдө жакшы бокс мектеби бар экенине, муну ири эл аралык мелдештерде жеңген жогорку пробадагы медалдар тастыктап жаткандыгына көңүл бурду.

Өз кезегинде Эл аралык бокс ассоциациясынын президенти Кыргызстанда спорттун бул түрүн өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Ал эл аралык аренада ийгиликтүү намысты коргой алган, чет элдик турнирлерде судьялар катары да өлкөнү көрсөткөн ата мекендик спортчулардын дарамети жогору экенин белгиледи.

Мындан тышкары, Умар Кремлев Эл аралык бокс ассоциациясы Кыргызстанда бокс боюнча эл аралык турнирди жана чет элдик спортчулар үчүн машыгуу жыйындарын өткөрүү, ошондой эле республикада Бокс академиясын куруунун алкагында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн карап жатканын баса белгиледи.

Количество просмотров: 62