• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жапаров: Элдик курултай өлкө жетекчилигине жаңы идеяларды сунуштайт

25 Жетинин айы 2022 11:52 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Бишкекте биринчи Элдик Курултай өтүп жатат. Өлкөнүн президенти делегаттардын алдында сөз сүйлөп жатат.

Садыр Жапаров элдик жыйындардын тарыхын жана ролун белгиледи.

«Ата-бабаларыбыз курултайдын жардамы менен эл менен бийликти бириктирип, ошону менен чыныгы элдик бийликти орнотушкан. Бул Элдик курултай өлкөнүн стабилдүү өнүгүүсүнө, жарандардын жашоосун жакшыртууга жана жалпы коомчулукту бириктирүүгө салым кошот деп ишенем. Элдик курултай Кыргызстандын жетекчилигине жаңы идеяларды сунуштайт», — деди ал.

Мамлекет башчысы аткаруу бийлигинин иши, республикалык бюджеттин кирешелери жана чыгашалары тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле Жапаров тышкы саясатта Кыргыз Республикасы үчүн мамлекеттин кызыкчылыгы артыкчылыктуу экенин белгиледи.

Количество просмотров: 194