• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жапаров Элдик курултай уюштурууга эмне түрткү болгонун айтты

27 Баш оона 2022 19:37 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров элдик курултай уюштуруу чечимин кабыл алууга былтыр журналисттерге өткөргөн жылдык пресс-конференциясы түрткү болгонун бүгүн 27-августта “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде билдирди.

Жапаров ошондо “Үч саат жөн эле ушактарга жооп берип олтурганын” белгилеп, “Анан ошондон кийин Баш мыйзамдын негизинде курултай чогултуп, элдин алдында бир жылда кандай иштер аткарылгандыгы жөнүндө маалымат берели деп чечтим” деп айтты.

“30 жылдан бери эле президенттер өздөрүнө караштуу журналисттерди топтоп алып, жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын өткөрүп коюп келе жатабыз. Былтыр мен дагы журналисттерди чогултуп, маалымат бердим. Журналисттерди чектебедим, баары киришти. Бирок ошентсем дагы берилген суроолордун баары ушактардын деңгээлинен көтөрүлө албай койду”, — деди президент.

Жапаров курултай эки күн болорун, анда өлкөнүн булуң-бурчунан келгендер бийлик ошол аймакта кандай иштерди жасашы керек экени тууралуу түздөн-түз сунуштарын айта аларын, эркин микрофон болорун, каалаган делегат сүйлөй турганын айтып, “Курултай институтун киргизип алсак мындан ары жыл сайын элдин алдына чыгып, аткарылган иштер боюнча маалымат берип, алардын сунуштарын угуп турсак бийлик жаман болбойбуз. Бийлик башындагылардын баары жыл сайын элге отчет берип көнүп калышат” деп белгиледи.

Количество просмотров: 228