• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жапаров “Электрисите дэ Франстын” аткаруучу директору Беатрис Бюффонду кабыл алды

9 Жетинин айы 2022 21:26 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-ноябрда, Франциянын ири мамлекеттик энергетикалык компаниясы “Электрисите дэ Франстын” аткаруучу директору Беатрис Бюффонду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Кызматташтыктын келечеги, инвестициялоо, энергетика жана энергиянын кайра жаралуучу булактары тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы “жашыл экономиканы өнүктүрүү” сыяктуу республика үчүн маанилүү багытта кызматташтыкка кызыгуусу жана ниети үчүн компания өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.

“Энергетика тармагын ийгиликтүү жана туруктуу өнүктүрүү маселеси өлкө үчүн абдан актуалдуу. Кыргыз Республикасы учурда жаңы өндүрүүнүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн изилдеп жатат жана жеке сектордун “жашыл” энергетикага” өтүү боюнча демилгелерин жогору баалайт”, — деди ал.

Кыргызстанда жагымдуу инвестициялык климат түзүлгөнүнө көңүл буруп, Садыр Жапаров кыргыз тарап ата мекендик энергетика тармагына инвесторлорду тартуу үчүн кошумча шарттарды түзүү маселесин карап чыгууга даярдыгын белгиледи.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын франциялык инвесторлор менен активдүү кызматташууга даяр экенин ырастады.

Беатрис Бюффон жылуу кабыл алуу жана меймандостук үчүн ыраазычылык билдирип, учурда дүйнөнүн 30 өлкөсүндө гидроэнергетика тармагында иш алып барган “Электрисите де Франс” компаниясынын ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берди.

Ал француз ишканасы Кыргызстандын гидроэнергетика тармагына инвестиция салууга кызыкдар экенин билдирип, компания өзүнүн тажрыйбасын колдонууга ниеттенип жатканын жана долбоорлорго биргелешип инвестициялоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга даяр экенин белгиледи.

«Биз узак мөөнөттүү кызматташууга умтулабыз», — деп сөзүн жыйынтыктады Беатрис Бюффон.

Количество просмотров: 142