• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

 Жапаров Эрдоганды президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

29 Бугу 2023 8:55 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоганды президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады.

«Урматтуу бир тууганым Режеп Тайып Эрдоган!

Сизди Президенттик шайлоонун экинчи айлампасындагы ишенимдүү жеңишиңиз менен чын дилимден куттуктайм.

Түркия эли Сизге чоң ишеним артып, өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана жарандардын бакубат жашоосун камсыз кылуу жаатындагы багытыңызды колдоп беришти.

Түркия ачык, атаандаштык жана демократиялык шайлоонун үлгүсүн көрсөттү.

Биздин өлкөлөр ортосундагы достук жана бир туугандык мамилелер мындан ары да стратегиялык өнөктөштүк жана боордоштук деминде бекемделе берерине толук ишенем»,-деп жазды Жапаров.

Количество просмотров: 56