• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Жапаров Европарламенттин делегациясы менен жолукту

20 Бештин айы 2023 12:12 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Кыргызстан – Европа Биримдиги” парламенттер аралык комитетинин теңтөрагасы, депутат Томас Здеховский баштаган Европарламенттин депутаттары менен жолукту.

Жолугушууга ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары Лейла Лурова менен Гүлшаркан Култаева, Кыргыз Республикасынын Евробиримдиктеги Туруктуу өкүлү Айдид Эркин жана Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы, элчи Мэрилин Йозефсон катышты.

Министрлер кабинетинин төрагасы депутаттарды “Кыргызстан – Европа Биримдиги” парламенттик кызматташтык комитетинин 16-жыйынынын ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады.

“Быйылкы Европарламент менен болгон байланыштардын тыгыздыгы бизди кубандырат. Парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитеттин Бишкекте өткөрүлгөн кезектеги жыйынынын жыйынтыгы биздин Европа Биримдиги менен салттуу достук жана өнөктөштүк мамилелерибизди мындан ары дагы чыңдоого кызмат кылат деп ишенем. Биз Европа Биримдиги менен эки тараптуу жана аймактар аралык көп кырдуу кызматташтыкты мындан ары дагы өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө ниеттенебиз, бул биз үчүн маанилүү”, — деди ал.

Акылбек Жапаров үстүбүздөгү жылдын июль айынын башында Чолпон-Ата шаарында өткөрүлгөн Борбор Азия жана Евробиримдик өлкөлөрүнүн лидерлеринин жолугушуусунун маанилүүлүгүн белгиледи, ал бүткүл дүйнөлүк экономиканын жана эки региондун ортосундагы мамилелердин мындан аркы өнүгүшүнө олуттуу түрткү берди.

Чолпон-Атадагы Саммиттин жыйынтыгында, Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Евробиримдиктин лидерлеринин тапшырмасы боюнча орто мөөнөттүү мезгилге көп пландуу аймактар аралык кызматташуунун негизги багыттарын чагылдырган кызматташтыкты тереңдетүү боюнча Жол картасы иштелип чыкты.

Министрлер кабинетинин төрагасы алдыдагы беш жылдыкта Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыктары тууралуу айтып берди. Ал белгилегендей, өлкө гидроэнергетикалык ресурстарга бай, күн жана шамал электр станцияларын курууга мүмкүнчүлүк жогору экени, аларды өнүктүрүү экологиялык жактан таза электр энергиясын өндүрүүгө гана салым кошпостон, климаттын өзгөрүшүнүн таасирин азайтат. Экономиканын дагы бир маанилүү тармагы – сейрек кездешүүчү металлдарды казып алуу. Кыргыз Республикасында Европа өлкөлөрүн кызыктырган 17 маанилүү металл бар, алардын 10у чоң өлчөмдө.

“Ушуга байланыштуу мен сиздер аркылуу сиздердин мамлекеттердин инвесторлорун жана каржы институттарын энергиянын кайра жаралуучу булактарын куруу боюнча долбоорлорду жана башка “жашыл” долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кызматташууга чакырам”, — деди Акылбек Жапаров.

Өз кезегинде “Кыргызстан – Европа Биримдиги” парламенттер аралык комитетинин теңтөрагасы, Европарламенттин депутаты Томас Здеховский меймандостук үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөнүн жарандык коомду өнүктүрүүдө, эркиндиктерди жана мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылууда, экономикалык жана санариптештирүү реформаларын жүргүзүүдөгү ийгиликтерин белгиледи.

Ал Кыргыз Республикасы Европа Биримдигинин маанилүү өнөктөшү экенин белгилеп, эки тараптуу мамилелерди мындан ары дагы бекемдөөгө жана тереңдетүүгө умтулаарын билдирди.

Количество просмотров: 60