• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Жапаров Германия жетекчилигине көӊʏл айтты

19 Теке 202110:02 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Германия Федеративдʏʏ Республикасынын Федералдык Канцлери Ангела Меркелге жана өлкө Президенти Франк-Вальтер Штайнмайерге Германиядагы суу каптоонун кесепеттеринен каза болгондорго байланыштуу көӊʏл айтты.

“Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана өзүмдүн атымдан Түндүк Рейн-Вестфалия жана Рейнланд-Пфальц федералдык аймактарында суу каптап, анын кесепеттеринен көптөгөн адамдар каза болгондугуна байланыштуу тереӊ кайгыруу менен көӊʏл айтам. Бул кырсыкта каза болгондордун үй-бүлөлөрүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшөм. Жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетүүсүн каалайм”, — деп айтылат деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Количество просмотров: 472