• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жапаров Германиянын элчисин кабыл алды

15 Жалган куран 2022 18:13 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-мартта, Германия Федеративдүү Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Габриела Гелилди ишеним грамотасын тапшыргандыгына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, жолугушууда Мамлекет башчысы үстүбүздөгү жылдын 3-февралында Кыргызстан менен Германиянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл болгонун белгиледи. Буга байланыштуу ал Кыргызстан Германияны тышкы саясаттагы маанилүү өнөктөш катары карай турганын ырастады.

Президент отуз жылдык эгемендүүлүк мезгилинде өлкөдө күчтүү жарандык коом түзүлүп, адам укуктары жана негизги эркиндиктери камсыздалып, демократиялык институттар бекемделгенин белгиледи. Садыр Жапаров германиялык тарапка Кыргызстандын демократиялык жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ковидден кийин экономиканы тез арада калыбына келтирүүгө жана өнүктүрүүгө жетишүү үчүн Садыр Жапаров Германиянын элчисине соода-инвестиция, финансы, техника жана климат чөйрөлөрүндө кызматташууну активдештирүүнү сунуштады. Буга байланыштуу Президент Садыр Жапаров германиялык инвестицияларды тартуу механизми катары Герман-кыргыз ишкерлер кеңешинин түзүлүшүн кубаттады.

Өз кезегинде Германиянын элчиси Габриелла Гелил Германия менен Кыргызстандын ортосундагы достук мамилелер эки тарапты кызыктырган көптөгөн чөйрөлөрдө жемиштүү кызматташуу менен ырааттуу бекемделип жатканын белгиледи.

Долбоордук кызматташуунун мыкты мисалы катары дипломат саламаттыкты сактоо тармагындагы биргелешкен иштерди, анын алкагында жакында Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жаңы тез жардам бөлүмү ачылып, Бишкек шаардык кургак учукка каршы ооруканасынын курулушу аяктап жана Талас менен Ош шаарларында перинаталдык борборлор курулуп жатканын белгиледи.

Германиянын дипломатиялык миссиясынын башчысы ошондой эле Германиянын федералдык өкмөтү кыргыз элине демократиялык өнүгүү жана социалдык-экономикалык бакубаттуулукка жетишүү жолунда мындан ары да эки тараптуу негизде жана Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосундагы көп тараптуу кызматташтыктын алкагында ар тараптуу колдоо көрсөтөөрүн ырастады. Ошону менен бирге климаттын өзгөрүшүн басаңдатуу жана БУУнун туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу боюнча кыргыз бийлигинин аракеттерин долбоордук колдоого өзүнчө көңүл бурулат.

Количество просмотров: 170