• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Жапаров көпүрөнүн кыйрашына байланыштуу Индиянын премьерине көңүл айтты

31 Тогуздун айы 2022 15:10 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Индиянын премьер-министри Нарендра Модиге Индиянын Гуджарат штатында көпүрө кыйрап, адамдар каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Индиянын Гуджарат штатындагы Морби шаарында асма көпүрө кыйрап, андан улам каза болгондор тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Бүткүл кыргыз элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан каргашалуу окуяда каза болгондордун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Жабыркаган жарандардын тезирээк сакайып кетишин тилейм», — деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Белгилей кетсек, Индиянын батышындагы Морви шаарындагы жүргүнчүлөр өткөн көпүрө кыйрап, бери дегенде эле 120дай киши мерт болду. Мачху дарыясы аркылуу өткөн асма көпүрө 19 кылымдын аягында курулуп, былтыр ремонттон кийин кайра ачылган.

Ар кыл маалыматтар боюнча катастрофа учурунда андан 150дөн 400гө чейин киши өтүп бараткан.

Кырсык жекшемби, 30-октябрь күнү кечинде болгон. Көпүрө туристтик аттракцион катары белгилүү. Окуя болгон жерде куткаруучулар, аскер кызматкерлери, индия армиясы, авиация жана флот иштеп жатат.

Көпүрө андагы кишилердин салмагын көтөрө албай калганы айтылууда. ANI агенттиги өлгөндөрдүн көбү аялдар, балдар жана улгайган кишилер экенин билдирди.

Количество просмотров: 94