• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жапаров конституциялык референдумду апрелде өткөрүүнү сунуштады

12 Бирдин айы 2021 9:37 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров конституциялык референдумду жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо менен чогуу өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал Коомдук телерадиоберүү корпорациясына курган маегинде билдирди.

«Анткени биз азыр эски Конституция менен жашап жатабыз. Жаңы Конституцияга дагы эки-үч ай бар. Мен кечээ жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоону 11-апрелде өткөрүү боюнча жарлыкка кол койдум. Эгерде депутаттар ошо менен бирге өткөрүүнү колдоп берсе, 11-апрелде Конституциянын жаңы долбоору кабыл алынат. Ошондон кийин гана биз жаңы Баш мыйзам менен жашай баштайбыз, -деди Жапаров.

Количество просмотров: 171