• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жапаров Конституциялык соттун чечимин кайра кароого жол ачкан долбоор сунуштады

17 Теке 2023 16:08 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүүнү сунуштады.

Президенттин сайтына жарыяланган долбоордо бул мыйзамды аталган соттун чечимин кайра кароого жол ачкан 52-берене менен толуктоо каралган.

Документте Конституциялык соттун чечими президенттин же Конституциялык соттун төрагасынын сунуштамасы менен төмөнкү жагдайда кайра каралышы ыктымалдыгы көрсөтүлгөн.

1) чечим кабыл алууга негиз болгон Конституциянын ченеми өзгөрсө;

2) чечим чыгаруу учурунда Конституциялык сотко белгисиз болгон, кайрылуу предмети үчүн жаңы олуттуу жагдайлар ачылса;

3) чечим Кыргызстан элинин моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарына, коомдук аң-сезимине карама-каршы келсе.

Азыркы мыйзамга ылайык, Конституциялык соттун чечими кайра кароого жатпайт.

Количество просмотров: 72