• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Жапаров Кремлге ЖККУга мүчө мамлекет лидерлеринин жолугушуусуна келди

16 Бугу 2022 17:24 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-майда, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) мүчө мамлекеттеринин лидерлеринин жолугушуусуна катышуу үчүн Чоң Кремль сарайына келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчылары чогуу сүрөткө түшкөн соң, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимдин 30 жылдыгына жана ЖККУнун 20 жылдыгына арналган мааракелик жыйын өтө турган Александр залына өтүшөт.

Количество просмотров: 116