Кумтөр алтын кенинен Кыргызстан 1,5 миллиард доллар, ал эми кенди иштетип жаткан канадалык «Центерра» компаниясы 11,5 миллиард доллар пайда тапкан. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда парламенттин кезексиз жыйынында көрсөтүлгөн «Kумтөр Голддун» ишмердигин текшерген мамлекеттик комиссия даярдаган Кумтөр кени тууралуу тасмада айтылат.
Жогорку Кеңеш бүгүн Кумтөр боюнча маселени кароо үчүн кезексиз жыйынга чогулду. Жыйынга министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов баштаган өкмөт мүчөлөрү да катышууда.