• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жапаров: Кыргыз-казак мамилесинде саясий карама-каршылыктар жок

26 Бугу 2022 12:50 Бишкек Govori.TV

«Биргелешкен күч-аракеттер менен Кыргызстан жана Казакстан эки тараптуу мамилелердин комплексин мындан ары да жогорулатууну камсыздай тургандыгы боюнча так түшүнүү бар», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 26-майда, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө.

Өз сөзүндө Садыр Жапаров төмөнкүлөрдү белгиледи:

«Бүгүн, мамлекеттерибиздин ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгында биз өткөн жылдагы темпте кыргыз-казак кызматташтыгын мындан ары да кеңейтүүгө жана бекемдөөгө, эл аралык аренада бири-бирибизге колдоо көрсөтүүгө, заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы турууга ниеттенип жатабыз.

Акыркы 30 жылдын ичинде кыргыз-казак достук жана өнөктөштүк мамилелеринин негизин түзгөн бир катар маанилүү келишимдер жана макулдашуулар кабыл алынып, бара-бара эки тараптуу мамилелердин позитивдүү потенциалы топтолду. Биз мамилелерибизди стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чыгара алдык.

Биздин элдерибиздин ортосундагы бекем достуктун жана бир туугандыктын байланыштары биздин көптөгөн акын-жазуучуларыбыздын чыгармачылыгында чагылдырылган. Кыргызстандын жана Казакстандын көрүнүктүү эл жазуучусу Чынгыз Төрөкулович Айтматовдун „Кыргыз-казак бир куштун эки канатындай эл“ деген жакшы сөзү бар. Казактын көрүнүктүү акыны жана жазуучусу Мухтар Шаханов да ушундайча айткан: „Казактын жүрөгүн тыншасаң кыргыз деп согот, кыргыздын жүрөгүн тыңшасаң казак деп согот, бу дүйнөдө казакка кыргыздан, кыргызга казактан жакын эл жок, эки эл ботонун эки көзүндөй эл…“, -деген.

Биздин өлкөлөрүбүздүн ортосунда эч кандай саясий карама-каршылыктар жок экендигин белгилегим келет — бул башкы нерсе. Биргелешкен күч-аракеттер менен Кыргызстан жана Казакстан эки тараптуу байланыштардын комплексин андан ары өнүктүрүүнү, ошондой эле аймактык туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоого ылайык аймактар аралык жана эл аралык түзүмдөрдүн алкагында конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү камсыз кылаарын так түшүнүү бар».

Количество просмотров: 50