• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жапаров маданият кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды (сүрөт)

22 Аяк оона 2021 18:32 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 22-сентябрда, салтанаттуу аземде республиканын маданий, интеллектуалдык жана руханий дараметин өнүктүрүүгө салым кошкон көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу бир катар маданият ишмерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Мамлекет башчысы куттуктоо сөзүндө көп жылдан бери өз тармактарында үзүрлүү иштеп, өлкөдө улуттук маданиятты жайылтууда адистердин жасаган эбегейсиз эмгегин белгиледи.

Садыр Жапаров маданият ишмерлеринин өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымын жогору баалап, алардын улуттукбаалуулуктарды жана каада-салттарды сактап, келечек муунга жеткиргени үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Президент Садыр Жапаров өлкө жетекчилиги маданият чеберлерин бул багытта колдойт жана алардын чыгармачылык иштеринин жигердүү болушу үчүн зарыл нерселердин баарын жасайт деп ишендирди.

Количество просмотров: 121