«Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Кыргызстандан чыгып кеткен» деген маалымат бар. Бул тууралуу 14-октябрда Садыр Жапаров маалымат жыйында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
«Матраимов боюнча менде маалымат жок. Такталбаган маалымат боюнча, «ал өлкөдөн чыгып кетти» деп жатышат. «Эртеси эле күнү чыгып кетти» деп мага маалымат беришкен. Мен билбейм. Аны Мамлекеттик чек ара кызматы билиши керек. «Расмий эмес, мындай чыгып кеткен» деп жатышат», — дейт ал.