• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Жапаров: Матраимовду азыр укук коргоо органдары издеп жатат

10 Тогуздун айы 202020:53 Бишкек Govori.TV

Раим Матраимов азыр укук коргоо органдары тарабынан изделип жатканын «Ала-Арча» мамрезиденциясындагы маалымат жыйында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Садыр Жапаров билдирди.

Бүгүн, 10-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өттү.

Жыйында күн тартибиндеги алгачкы маселе катары өкмөт башчынын талапкерлиги, анын программасы жана өкмөттүн жаңы курамы каралды. Бир катар суроолор берилип, жооптор алынгандан кийин премьер-министр кызматына талапкер Садыр Жапаровду кызмат орунга шайлап, бекитип берүү үчүн президенттин кароосуна жөнөтүлдү.

Количество просмотров: 340