• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Жапаров: Мектепте ата-энелерден акча чогултулбашы керек

26 Бирдин айы 2023 20:03 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров билим берүү жана илим министринин м.а. Каныбек Иманалиевге ата-энелерден мектепти оңдоп-түзөөгө жана класска керектүү нерселерди (бор, чака, тряпка, ж.б.) сатып алууга акча чогултулбасын деген тапшырма берди. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Анын айтымына караганда, мектепти оңдоп-түзөө жана керектүү нерселерди сатып алуу республикалык бюджеттен каржыланат.

Белгилей кетсек, 25-февралда президент Садыр Жапаров билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиевди кабыл алган, анда мамлекет башчысы тарабынан илим жана билим чөйрөсүн өркүндөтүү боюнча бир катар конкреттүү милдеттер коюлуп, бул маселе боюнча артыкчылыктуу пландар жана милдеттер талкууланды.

Садыр Жапаров билим берүү жана илим тармагы — мамлекеттин келечегин аныктаган стратегиялык маанилүү жана өтө жооптуу тармак экенин баса белгиледи.

Количество просмотров: 1500