• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жапаров менен Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөшүп, чек ара маселесин талкуулашты

13 Бугу 2021 16:19 Бишкек Govori.TV


Бүгүн, 13-майда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти 
Шавкат Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөштү. Бул маалыматты өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Эки өлкөнүн лидерлери Орозо айт майрамына байланыштуу жылуу куттуктоолорун айтып, бири-бирине чың ден соолук, мамлекеттик ишмердиктерине ийгиликтерди, эки өлкөнүн элине бакубатчылык жана өнүгүү каалашты.

Эки тараптуу жана регионалдык кызматташтыктын башка маселелери менен катар Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги акыркы окуялар да талкууланган. Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевге ошол кездеги кырдаалга жеке өзү көңүл буруп, Кыргызстан элине көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле баарлашуунун жүрүшүндө мамлекет башчылары кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы калган тилкелерди мыйзамдаштыруу маселелерин, суу-энергетика жана инвестиция жаатында кызматташуу келечегин талкуулашты.

Количество просмотров: 153