• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жапаров Мирзиёев жана Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

6 Бештин айы 2022 15:01 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Жапаровдун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Өзбекстан менен Россиянын лидерлери президент Жапаровду туулган күнү менен куттуктап, ага чың ден соолук, бакыт, бакубатчылык жана жооптуу ишинде мындан аркы ийгиликтерди каалашты. Өз кезегинде Жапаров кесиптештерине ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы көп кырдуу кызматташтык эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да алдыга өнүгүп, чыңдала берерине ишенимин билдирди. Мамлекет башчылары ошондой эле кыргыз-орус эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, ошондой эле 9-декабрда Бишкекте өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын күн тартибин талкуулашты.

Ал эми өзбек лидери ошондой эле, Бишкек шаарында өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын ийгиликтүү өтүшүн каалады.

Өз кезегинде президент Садыр Жапаров туулган күнү менен жылуу куттуктоолор үчүн ыраазычылык билдирип, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары эки тараптуу мамилелердин тарыхында жаркын окуя болуп калаарына ишенимин билдирди.

Мамлекет башчылары Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарын ушул жылдын декабрь айында өткөрүүнү макулдашты.

Эки тарап Бишкекте пландаштырылган иш-чаралар кыргыз-өзбек кызматташтыгын эки мамлекетти бирдей кызыктырган бардык чөйрөлөрдө өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө түрткү берип, мамлекеттердин биргелешкен өз ара аракеттенүүсүн жаңы деңгээлге чыгараарына ишенимин билдиришти.

Количество просмотров: 91