• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Жапаров: Өнүгүп келе жаткан тоолуу өлкөлөр үчүн өзүнчө, максаттуу каржылоону кароону сунуштайбыз

2 Жетинин айы 2021 17:55 Бишкек Govori.TV

Президент 2050-жылга карай Кыргызстан өнүгүүнүн жашыл платформасын тандай турганын белгилеп, өнүккөн өлкөлөрдү бул тармакка инвестиция салууга чакырды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Глазго шаарында өтүп жаткан климаттын өзгөрүшүнө арналган саммитте айтты.

Ал белгилегендей, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу үчүн Кыргызстанга 3 млрд. АКШ доллары керек.

«Биздин эсептөөлөргө караганда, климаттын өзгөрүүсүн токтотууга багытталган орто мөөнөттүү шашылыш чараларды ишке ашыруу үчүн жети миллиард АКШ доллары талап кылынат. 2050-жылга чейин Кыргызстан өнүгүүнүн жашыл платформасында көмүртексиз жетишүүгө аракет кылат. Кайра жаралуучу энергия булактары, биринчи кезекте гидроэнергетика — көмүртексиз саясаттын локомотиви болуп калмакчы. Биз табиятка зыян келтирбестен, өнөр жай тармагын жана турак жай коммуналдык секторун көмүртектик энергия булактарынан, биринчи кезекте көмүр жана мазутту колдонуудан арылтып, аны электр энергиясына толук өткөрүү үчүн кичи жана орто гидроэлектр станцияларын куруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууну баштадык. Бүгүнкү күндө онго чукул кичи жана орто гидроэлектростанциялар курулуп жатат. Айрымдары жакында эле ишке берилди. Жарым жартылайы келерки жылдын акырына барып ишке киргизилет. Париж келишиминин духуна ылайык, мен өнүккөн өлкөлөрдүн инвесторлорун гидроэнергетикалык тармакта, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциптеринин негизинде өз ара пайдалуу кызматташууга чакырам. Прогрессивдүү технологиялар, инновациялар жана ноу-хау болбосо, Кыргызстан үчүн пландаштырылган мөөнөттө жашыл экономикалык өсүшкө жана көмүртексиз жашоого жетүү кыйын болот. Буга байланыштуу бардык кызыкдар тараптарды, биринчи кезекте эл аралык көп тараптуу банктарды, климаттык фонддорду жана корпорацияларды биз менен олуттуу диалогго чакырам. Ыңгайлашуу программалары жана долбоорлору айыл чарба, суу ресурстары, энергетика, өнөр жай, өзгөчө кырдаалдар, калктын саламаттыгы, токойлор жана биотүрдүүлүк сыяктуу аялуу секторлордо ишке ашырылат. Биздин өлкөнүн токсон төрт пайызы тоолор экенин эске алсак, алдыдагы иштердин масштабы эбегейсиз. Аларды ишке ашыруу дээрлик үч миллиард АКШ долларын талап кылат. Климаттын өзгөрүүсүнүн терс таасирине байланыштуу мен айткан көйгөйлөр көп жагынан көптөгөн тоолуу өлкөлөргө мүнөздүү. Аларды чечүү үчүн өкмөттөргө, анын ичинде Кыргызстандын өкмөтүнө тышкы жардам зарыл»,-деди ал.

Количество просмотров: 206