• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Жапаров Никол Пашинян менен телефон аркылуу сүйлөштү

17 Бугу 2021 18:09 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-майда, армян тараптын демилгеси менен Армения Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Никол Пашинян менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдайт.

Тараптар Кыргызстан менен Армениянын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу, ошондой эле регионалдык жана ЖККУ менен ЕАЭБдин алкагында эки өлкөнүн ортосундагы күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Садыр Жапаров менен Никол Пашинян Кыргызстан менен Армениянын ортосундагы бардык чөйрөлөрдө өз ара кызыкчылык туудурган активдүү кызматташууну улантууга максаттуу багыт алышканын ырасташты.

Количество просмотров: 135