• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Жапаров: Октябрдан тарта жөлөк пул көбөйөт

31 Баш оона 2021 12:03 Бишкек Govori.TV

Октябрь айынан тарта мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга берилчү жөлөк пулдун көлөмү көтөрүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Ала-Тоо» аянтында сөз сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, 2009-жылдан бери мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жөлөкпулдун көлөмү 4000 сомдон көтөрүлгөн эмес.

«Өлкө башчысы жана аткаруу бийлигинин жетекчиси катары Кыргызстандагы ар бир жарандын жашоо шарты үчүн өзүмдү жоопкер, алардын алдында өтө милдеттүү сеземин. Айрыкча, социалдык жактан коргоого муктаж үй-бүлөлөрдүн акыбалы кабыргамды кайыштырат. Азык-түлүк баалары көкөлөгөн азыркы заманда мен социалдык жактан коргоого муктаждардын көргөн күнүн, көйгөйүн күн-түн эсимден чыгарбай, көңүлүмдө түйүп келем. Аларды багып алуу менин милдетим. Кыргыз эч качан жетим-жесирин кор тутчу эмес! Орточо эсеп менен эки жүз миңдей үй-бүлө жакырчылыкта күн кечирүүдө.  Мен алар үчүн жоопкермин. Ошондуктан, эң алды менен ошолордун жашоо шартын жеңилдетүүнүн жолдорун таптык. Маселен, 2009-жылдан бери мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жөлөкпулдун көлөмү 4000 сомдон көтөрүлө элек экен, октябрдан баштап 6000 сомго, 2022-жылдан тартып 8000 сомго көтөрүлөт. Ал эми ата-энесинин экөөнөн тең айрылган балдардын социалдык жөлөкпулунун өлчөмүн 2022-жылдын 1-январынан тартып үч эсеге жогорулатуу каралып жатат. Кыскартып айтканда, социалдык колдоого муктаж жарандарыбыздын айрым категорияларына социалдык колдоо көрсөтүлүп, социалдык жөлөк пулдарынын өлчөмү 2021-жылдын 1-октябрынан 50 пайызга, 2022-жылдын 1-январынан 100 пайызга жогорулайт. Ошондой эле ушул жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрү индексация болот», —деди ал.

Количество просмотров: 2512