• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жапаров оппоненттерине кайрылды

11 Үчтүн айы 2021 17:47 Бишкек Govori.TV

Бишкектин борбордук «Ала-Тоо» аянтында калаа тургундары менен жолуккан садыр Жапаров шайлоодо ат салышкан атаандаштары тууралуу пикирин билдирди.

«Президенттикке аттанган башка талапкерлердин да саясатта өз салмагы, кадыр-баркы, тажрыйбалары бар. Алар да эл урматына ээ болгон инсандар. Алардын да өлкөнү өнүктүрүү, кубаттуу мамлекетке айлантуу боюнча ыйык тилектери бар. Мен атаандаштарымды дал ушул тилектери жана сапаттары үчүн сыйлайм. Президент катары толук кандуу ишке киришерим менен шайлоодо чогуу ат салышкан атаандаштарымды баарлашууга чакырам. Бири-бирибизге карата жалган жалаа, ушак-айың, көө жабуудан эл турмушу оңолбойт, бөлүнүп-жарылуудан эч качан утпайбыз. Азыр бизге ынтымак керек», — деди Жапаров.

Белгилей кетсек, бүгүн борбордук аянтта президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун жеңишин майрамдаган иш-чара өтүп, эстрада ырчылары ырдап жатышат.

Кыргызстанда 10-январда өткөн президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгында талапкер Садыр Жапаров 1 млн 116 миң 28 добуш алды, Бул шайлоого келгендердин 80 пайыздын тегерегин түзөт.

Количество просмотров: 158