• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Жапаров Ош — Кашкар — Ош авиакаттамын ачууну сунуштады

1 Жалган куран 202412:58 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош — Кашкар — Ош авиакаттамын ачууну сунуштады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жумушчу сапардын алкагында Жапаров Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун (СУАР) партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй менен жолуккан.

«Жолугушуунун сонунда Акылбек Жапаров, Ош-Кашгар-Ош авиа каттамын ачуу сунушун киргизип, КЭР СУАР Партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй менен СУАР элдик өкмөтүнүн башчысы Эркин Туниязды иш сапар менен Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды»,-деп айтылат маалыматта.

Минкаб башчысы 2-мартка чейин Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунда иш сапары менен болот. Кыргызстан, Өзбекстан жана Синзянь уйгур автоном районунун өкмөттөрүнүн жолугушуусуна катышат.

Количество просмотров: 107