• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жапаров Ош шаарынын мэрин кабыл алды

2 Кулжа 2021 10:47 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовду кабыл алды, — деп маалымдайт президенттин басма сөз кызматы.

Мамлекет башчысына Ош шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүү динамикасы, комплекстүү инфраструктуралык, социалдык-экономикалык долбоорлордун ишке ашырылышы жөнүндө маалымат берилди.

Мэр Таалайбек Сарыбашов шаар тургундарынын жашоо-турмушун жакшыртуу, аларга жагымдуу шарттарды түзүү боюнча муниципалдык органдар жана тиешелүү кызматтар тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө айтып берди.

Президент Садыр Жапаров Ош шаар тургундарынын жашоосуна түздөн-түз таасир этүүчү шаарды өнүктүрүү программаларын өз убагында ишке ашыруунун зарылдыгын белгиледи.

Мамлекет башчысы башка маселелер менен катар алдыдагы коомдук-саясий процесстерге, анын ичинде өлкөнүн кээ бир шаарларында өтө турган жергиликтүү кеңештерге кайра шайлоо өнөктүгүнө көңүлүн бурду.

Садыр Жапаров шайлоонун ачык-айкындыгын толук камсыз кылууну, кандай гана чиновник болбосун алардын административдик ресурстарды колдонуусуна жол бербөөнү тапшырды.

Ал үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо айрым жергиликтүү жетекчилер өткөн окуялардан сабак албай, мыйзам бузууларга жол бергендигин айтып, буга байланыштуу Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында шайлоонун жыйынтыктары жараксыз деп табылганына токтолду.

Садыр Жапаров шайлоого даярдык көрүү жана аны өткөрүү учурунда мыйзамдуулуктун, жарандардын укугу менен эркиндигинин, коомдук коопсуздуктун, санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталышын камсыз кылуу боюнча бардык чараларды көрүүнү тапшырды.

Мамлекет башчысы муниципалдык же башка кызматкерлердин шайлоого таасир этүү үчүн жасаган бардык мыйзамсыз аракеттерине кескин түрдө бөгөт коюларын баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров белгилегендей, ушундай эле талаптар Бишкек жана Токмок шаарларына дагы коюлат.

Количество просмотров: 109