• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Жапаров: Паспортко улуту деген графа жазыла баштайт

14 Тогуздун айы 202017:11 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 14-октябрда премьер-министр Садыр Жапаров маалымат жыйын берип, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Анда ал паспортто жарандын улуту жазыла турган графа кайра калыбына келтирилээрин айтты.

«Бүгүнкү күндөн баштап ал киргизилип баштайт. Мен эки күндүн ишимде ушуну чечтим. Так кесе айта кетейин, ким кааласа жаздырат, каалабаса жайздырбайт. Бирок бул эртеңки күндөн башталбайт, Мамкаттоо бардык программаларды даярдап 60 же 90 күндөн кийин ишке ашарын айтты”, – деди Жапаров.

Количество просмотров: 43