• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Жапаров Путинге көңүл айтты

21 Аяк оона 2021 9:01 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Пермь мамлекеттик университетинде катталган окуяга байланыштуу Россия Федерациясынын президенти Владимир Путинге жана Россия элине көңүл айтты. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

«Мамлекеттик Пермь улуттук изилдөө университетиндеги  куралдуу кол салуунун натыйжасында  адам курмандыктары орун алган окуя тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына чын дилимден көңүл айтып, бул трагедияда жабыркагандардын бардыгына  тез арада сакайышын каалайм», — деп айтылат Мамлекет башчысынын теллеграммасында.

Эске салсак, 20-сентябрда күндүзгү саат 11:00 чамаларында белгисиз адам университетке кирип барып, ок чыгарган. Окуядан 6 киши каза болуп, 24 киши жаракат алган.

Количество просмотров: 1851