• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жапаров Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү

14 Үчтүн айы 2023 13:10 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 14-январда, өз ара макулдашууга ылайык, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон телефон аркылуу сүйлөштү.

КР президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчылары Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу куттуктоолор менен алмашты.

Акыркы отуз жылда мамлекеттер достуктун жана жакшы коңшулаштыктын негизинде саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда мамлекеттер аралык кызматташтыкты өнүктүргөндүгү белгиленди.

Мамлекет лидерлери көп тараптуу түзүмдөрдүн платформаларында кызматташуунун, БУУнун жана башка аймактык уюмдардын алкагында өз ара колдоо көрсөтүүнүн позитивдүү тажрыйбасын баса белгилешти.

Мындан тышкары, тараптар кыргыз-тажик мамилелеринин мындан аркы өнүгүүсү Борбор Азиядагы тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого өбөлгө түзөрүн белгилешти.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөгү акыркы жетишкендиктерди белгилешти, бул жалпы узундугунун 63%ын түзгөн 625 чакырымга жакын мамлекеттик чек ара линиясынын долбоордук сыпаттамасын аяктоого мүмкүндүк берди.

Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон учурдагы бардык маселелерди саясий-дипломатиялык жол менен гана чечүү зарылдыгын баса белгилешип, мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын алкагында сүйлөшүү процессин активдештирүү боюнча ойлорун билдиришти.

Количество просмотров: 353