• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жапаров «санариптик көчмөндөргө» жагымдуу шарт түзүү боюнча тескемеге кол койду

6 Чын куран 2022 11:44 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров «санариптик көчмөндөр» үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча тескемеге кол койду.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, мамлекет башчы кол койгон тескемеге ылайык «санариптик көчмөндөр» үчүн жагымдуу шарттар түзүлөт.

Тескеменин максаты жана тапшырмасы — Кыргыз Республикасына маалыматтык-коммуникациялык технологиялар («санариптик көчмөндөр») чөйрөсүндө иштеген заманбап, чыгармачыл жана жогорку квалификациялуу адистерди, инвесторлорду жана ишкерлерди тартуу, жаңы ишканаларды ачуу, инновациялык долбоорлорду жана экономиканын жогорку технологиялык тармактарын өнүктүрүү болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине тескемени аткаруу үчүн төмөнкүлөр тапшырылды:

— маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө квалификациясы бар жана программалык продуктуларды иштеп чыгуу чөйрөсүндө иштеген чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн каттоонун жөнөкөйлөтүлгөн тартибин иштеп чыгуу, анын ичинде онлайн-арыз берүүнү караштыруу:

— Кыргыз Республикасына келген, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана программалык продуктуларды иштеп чыгуу чөйрөсүндө иштеген чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга консультациялык жардам көрсөтүү боюнча бирдиктүү маалыматтык веб-порталды уюштуруу боюнча зарыл чараларды көрүү;

— «Бишкек» ЭЭАнын жана Жогорку технологиялар паркынын аянтчасында маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө чет өлкөлүк компанияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маселесин иштеп чыксын;

— маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө квалификациясы бар жана программалык продуктуларды иштеп чыгуу чөйрөсүндө иштеген чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга визаларды тариздөө жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү.

Количество просмотров: 94