• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жапаров Сауд Аравиянын падышасын куттуктады

23 Аяк оона 2021 17:02 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-сентябрда, Сауд Аравиянын падышасы Салман бин Абдель Азиз Аль Саудду Улуттук майрамы – Королдуктун Биригүү күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

«Кыргыз Республикасы менен Сауд Аравия Королдугунун ортосундагы өз ара ишенимге негизделген достук мамилелери, буга чейин түзүлгөн ынак карым-катнашы эки элдин бакубаттыгы үчүн мындан ары да бекемделе берет деп терең ишенем.

Сизге жылуу каалоо-тилектеримди арноо менен чың ден соолук, узун өмүр жана мамлекеттик ишмердүүлүгүңүзгө ийгиликтерди, ал эми бир тууган Сауд Арабия элине тынчтык жана өнүгүүнү каалайм», — деп айтылат Мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында.

Президент Садыр Жапаров ушундай эле куттуктоосун Сауд Аравия Королдугунун Мураскер ханзаадасы, премьер-министрдин орун басары, коргоо министри Мухаммад бин Салман бин Абдель Азиз Аль Саудга да жолдоду.

Количество просмотров: 75