• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жапаров шейх Заеддин күмбөзүнө жана анын атындагы мечитке барды

1 Жетинин айы 202213:15 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) болгон иш сапарынын алкагында Абу-Даби шаарындагы шейх Заеддин күмбөзүнө жана анын атындагы мечитке барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысы БАЭнин негиздөөчүсү жана биринчи президенти шейх Заед бин Султан Аль-Нахаяндын элесине таазим кылып, күмбөздү көрүп чыкты.

Андан соң, Садыр Жапаров шейх Заед бин Султан Аль-Нахаяндын сөөгү коюлган жердин жанына салынган мечитке кирди.

Мечитти көрүп чыккан соң, мамлекет башчысы Ардактуу меймандар китепчесине каалоо-тилектерин жазып калтырды.

Количество просмотров: 87