• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жапаров: ШКУ 20 жыл ичинде конкреттүү натыйжа жана салмактуу ийгиликтерге жетишти

17 Аяк оона 2021 14:50 Бишкек Govori.TV

«Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) өзүнүн 20 жылдык ишмердүүлүгүндө конкреттүү натыйжа жана салмактуу ийгиликтерге жетишти», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда, Душанбе шаарында (Тажикстан) өтүп жаткан ШКУга мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин отурумунда.

Садыр Жапаров белгилегендей башка мамлекеттердин ШКУга кошулууга умтулуусу уюм ишмердүүлүгү эл аралык аренада кеңири кызыгуу туудурганын айгинелейт. Алсак, ШКУ саммитинде Иран Ислам Республикасын жаңы мүчө катары кабыл алуу, ошондой эле Сауд Аравия Королдугуна, Египет Араб Республикасына жана Катар Мамлекетине ШКУ диалогу боюнча өнөктөш макамын берүү процедурасын баштоого старт берилди.

Президент биргелешкен аракеттердин аркасында ШКУ мейкиндигинде коопсуздук жана стабилдүүлүктү колдоо боюнча чоң иш жүрүүп жатканын белгиледи. Ал региондо коопсуздук алкагын калыптандырууга өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Садыр Жапаров Афганстандагы акыркы кырдаалды эске алуу менен эл аралык экстремизм жана терроризм күчтөрүнүн коркунуч жана чакырыктарына каршы күрөшүү маселелери өзгөчө мааниге ээ болгонун белгиледи.

Президент ШКУ өлкөлөрүнө кол салууга жол бербөө жана миграциялык процесстерди жөнгө салуу үчүн өз ара аракеттенүүнүн стратегиясын иштеп чыгууну сунуштады.

Аны менен бирге ал Кыргызстан, эн эле көп жабыркаган афган калкынын да, регион жана эл аралык коомчулуктун кызыкчылыгында да Афганстанда аскердик конфликттин токтошун жана тынчтык, бейпилдик жана стабилдүүлүктүн орношун жактарын белгиледи. Президент Кыргызстан Афганстандын элине гуманитардык жардам жөнөтүүгө даярдыгын билдирди.

Андан соң Садыр Жапаров санариптештирүүнүн глобалдашуу тенденциясынын, маалыматык-коммуникациялык технологиялардын өнүгүүсү фонунда акыркы жылдары ШКУ мейкиндигинде кибертерроризмдин тобокелдик жана коркунучтары күчөгөнүнө катышуучулардын көңүлүн бурду.

Президент киберкоопсуздукту камсыздоо жаатында кызматташууну жылдыруу максатында, ШКУга мүчө-мамлекеттердин тармактык министрлик жана ведомство жетекчилеринин кеңешмеси түрүндөгү атайын механизмди негиздөөнү сунуштады.

Ал ошондой эле кыргыз тараптын Эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча борборду Бишкек шаарында негиздөө демилгесин эске алуу менен, ШКУга мүчө-мамлекеттердин коопсуздугуна карата чакырык жана коркунучтарга каршы туруу механизмдерин жакшыртуу жөнүндө ШКУга мүчө-мамлекет башчыларынын өз убагындагы чечимин кубаттады.

Мындан сырткары Садыр Жапаров ШКУнун өнүктүрүү банкын жана ШКУнун өнүктүрүү фондун түзүү боюнча консультацияларды улантууну сунуштап, бул институтту эсеп-кысапты улуттук валютада жүргүзүүгө өтүү боюнча механизми катары карап, натыйжалуу финансы механизмдерин киргизүү жардамында экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Аны менен бирге ал транспорттук инфраструктураны биргелешип өнүктүрүү соода мамилелерин активдештирүүгө жана көптөгон социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө мүмкүндүк берет деген ишенимин билдирди.

«Пандемия шартында, ошондой эле кабыл алынган карантиндик чаралардын натыйжасында автожүк ташуулар чектелүү болуп калды, андыктан эң ишенимдүү транспорттук жол бул темир жолу. Кыргызстан „Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан“ темир жолунун курулушунун долбоорун тез арада практикалык ишке ашуусун көздөйт. Ал региондун транзиттик потенциалын толук кандуу ачууга маанилүү жана конкреттүү кадам болуп жана деңиз портторуна чыгууга мүмкүндүк берет», — деп билдирди Садыр Жапаров

Ошондой эле Президент өз сөзүндө азык-түлүк коопсуздугу жана ШКУнун билим берүү жаатындагы кызматташуу маселелерин көтөрүп, туризм, жаштар жана спортту кошуп маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Количество просмотров: 157