• Жума 10 Бугу 2024
  • Пятница 10 Май 2024

Жапаров Словениянын тышкы иштер министрин кабыл алды

10 Бирдин айы 2023 21:19 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-февралда, өлкөгө расмий сапар менен келген Словения өкмөтүнүн төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри Таня Файонду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттары, атап айтканда, саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактар боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Словениянын тышкы иштер министринин Борбор Азия жана Кыргызстан менен кызматташууну мындан ары өнүктүрүү демилгесин кыргыз тарап жогору бааларын жана словениялык өнөктөштөр менен ар дайым кызматташууга ачык жана даяр экендигин баса белгиледи.

Садыр Жапаров бүгүн Бишкекте өткөн биринчи кыргыз-словен бизнес-форумун белгилеп өтүп, мындай иш-чаралар, албетте, эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн жогорулатууга жана ишкер чөйрөлөрдүн ортосундагы байланыштарды түзүүгө салым кошоорун кошумчалады. Анын үстүнө өлкөлөр ортосунда кызматташтык үчүн толук ачыла элек жакшы мүмкүнчүлүктөр бар, ошолорду ачыш керек.

Садыр Жапаров мамлекеттин башкы стратегиялык максаттардын бири болуп саналган — Кыргызстандагы жагымдуу инвестициялык климатка көңүлдү бурду. Өлкөдөгү инвестициянын эң артыкчылыктуу багыттары катары гидроэнергетика, тоо-кен өндүрүшү, айыл чарбасы, IT-индустриясы жана туризмди атады.

Өз кезегинде Словения өкмөтүнүн төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри Таня Файон кыргыз тарапка жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстанга жасаган өзүнүн алгачкы расмий сапары абдан мазмундуу жана жемиштүү болгонун белгиледи.

Ал Словения Кыргызстан менен кеңири чөйрөдө кызматташууну өнүктүрүүгө, ошондой эле саясий жактан колдоо көрсөтүүгө даяр экенин ырастады.

Таня Файон айыл чарба, инфраструктура, фармацевтика, курулуш сыяктуу тармактардын өкүлдөрүнөн турган бизнесмендердин делегациясы чоң тажрыйбага ээ жана кыргызстандык кесиптештери менен кызматташууга даяр экенин кошумчалады. Форумдун жыйынтыгында кызматташуу боюнча үч меморандумга кол коюлду.

Ал ошондой эле Словения Европа Биримдигинин мүчөсү катары ЕБ менен Кыргызстандын ортосунда кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык боюнча жаңы макулдашууга кол коюуну тездетүүгө кызыкдар экенин билдирди. Ошондой эле, словениялык тарап Кыргыз Республикасы менен дипломатиялык мамиле түзүүгө ниеттенүүдө.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Борбордук Азия менен бүтүндөй Европа Биримдигинин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү биргелешип чыңдоого макулдашты.

Количество просмотров: 114