Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-майда иш сапары менен Россия Федерациясынын Сочи шаарына барды.
Иш сапарынын алкагында Садыр Жапаров Россия президенти Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.
Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, Кыргызстан менен Россиянын байланышын мындан ары өнүктүрүү келечегин, евразиялык экономикалык интеграцияны тереңдетүү, ошондой эле регионалдык коопсуздукту, анын ичинде ЖККУ, КМШ жана ШКУ алкагындагы коопсуздукту талкуулашат.