• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жапаров Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү боюнча кеңештин негизги милдеттерин аныктады

7 Кулжа 2021 10:45 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-июнда, Президентке караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин биринчи жыйынында Кеңештин негизги милдеттерин аныктады.

Мамлекет башчысы ар кандай социалдык чыр-чатактарды чечүүнүн жана жөнгө салуунун эң эле легитимдүү жолу — укуктук коргоо экенин баса белгиледи.

«Жарандык коомду стабилдештирүү мүдөөсү бир катар маселелер жөнгө салынганда, асыресе, мыйзам чыгаруу жана укук колдонуу процесстери оптимизацияланып, соттук коргоо механизми мыйзамдуу жана негиздүү колдонулганда гана ишке ашат.

Андыктан, укуктук коргоо маселелерин жөнгө салуу максатында үстүбүздөгү жылдын 31-мартында «Кыргыз Республикасынын «Президентине караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү боюнча кеңеш жөнүндө» Жарлыкка кол койгом», — деп айтты Садыр Жапаров.

Президент белгилегендей, бул Кеңеш кеңеш берүүчү жана консультативдик орган болуп саналып, соттордун жана укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүн өркүндөтүү, алардын ишинин уюштурулушун жөнгө салуучу нормативдик-укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча сунуштарды даярдоо максатында түзүлгөн.

Ошондой эле Кеңештин алдында колдонуудагы Жазык, Жарандык, Административдик жана аткаруу блокторундагы кодекстерде, анын ичинде укуктук боштуктарды, коллизияларды четтетууге багытталган талдоо жүргүзүү, сунуштарды иштеп чыгуу максатында атайын эксперттик жумушчу топ түзүлгөн. Бул топту Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Курманкул Зулушев жетектейт.

Эксперттик жумушчу топтун негизги максаттары катары төмөнкүлөр аныкталды:

— сот адилеттигинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу;

— укук коргоо жана сот системасынын ачык-айкындуулугуна жетишүү;

— адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин соттук коргоонун кепилдиктерин камсыз кылуу;

— сөз эркиндигин, басма сөз жана жалпыга маалымдоо каражаттардын эркиндигин коргоо;

— ыйгарым укуктуу органдардын ишкердик субъекттеринин ишине негизсиз жана ашыкча кийлигишүүлөрүн токтотуу жана инвесторлордун мыйзам ченемдүү укуктарын коргоону күчөтүү;

— эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер укук тутумунун курамдык бөлүгү болуп саналарын эске алуу жана сактоо;

— сот адилеттигинин сапаттуу жүргүзүү үчүн тергөө органдарынын кызматкерлеринин жана судьялардын жоопкерчилигин жогорулатуу;

— мыйзамдарды адам укуктары жаатындагы эл аралык укуктун ченемдерине жана эл аралык стандарттарга ылайык келтирүү, жарандардын укуктары менен эркиндиктеринин соттук коргоо чөйрөсүн кеңейтүүнү, сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүн жогорулатууну камсыз кылуу.

— сот адилеттигинин ачыктык жана маалымдуулук принциптерин ишке ашырууну камсыз кылуу;

— сот адилеттигине карата жарандардын ишенимдерин жогорулатуу.

Эксперттик жумушчу топ бийликтин сот бутагынын, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен жарандык коомдун, көз карандысыз эксперттердин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн кеңири чөйрөсүн тартуу менен маанилүү иш жүргүздү.

Садыр Жапаров эксперттер соттук реформанын бир катар артыкчылыктуу багыттары боюнча баалуу талдоолордон жана ачык-айкын сунуштардан турган сот түзүлүшүнүн жана сот өндүрүшүнүн кыйла актуалдуу маселелери жана көйгөйлөрү боюнча рекомендацияларды сунуш кылганын жана мыйзамдардын долбоорлорун иштеп чыккандыгын белгиледи.

Количество просмотров: 119