• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жапаров Түркмөнстандын президенти Бердымухамедов менен жолугушту

6 Баш оона 2021 12:02 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-августта, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу Түркмөнбашы шаарындагы (Түркмөнстан) Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышуунун алкагында өттү. Анда эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүндөгү маселелерди, анын ичинде соода -экономикалык байланыштар, Түркмөнстандан Кыргызстанга жаратылыш газы менен электр энергиясын импорттоо, туризмди өнүктүрүү ж. б. маселелерди талкуулашты.

Ошондой эле президент Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга болгон расмий сапарында жетишилген келишимдердин ишке ашырылышы талкууланды.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов кылдат, натыйжалуу жолугушуулар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн, кызматташуунун келечектүү багыттары мерчемделген аталган расмий сапардын жыйынтыктарын канааттануу менен белгиледи.

Гурбангулы Бердымухамедов Консультативдик кеңеш Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы гана эмес, региондук деңгээлдеги башка бир тууган өлкөлөр — Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан менен эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерине жакшы түрткү берет деген ишенимин билдирди.

Анын айтымында, Консультативдик жолугушууда региондогу өлкөлөрдүн лидерлери көптөгөн актуалдуу маселелерди, анын ичинде региондук мүнөздөгү жана эл аралык деңгээлдеги күн тартипте турган маселелерди талкуулоого мүмкүнчүлүктөрү бар.

Садыр Жапаров кыргыз тараптын эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да чыңдоо жана өнүктүрүү, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүү үчүн бардык чараларды көрүүгө даярдыгын ырастады.

Ал ошондой эле регион өлкөлөрүнүн ортосунда талкуулоо жана биргелешкен чечим кабыл алуу үчүн жалпы маселелер бар экендигин эске алуу менен Консультативдик кеңешти өткөрүүнү актуалдуу деп эсептээрин баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров энергетика, соода, транспорт, транзит сыяктуу олуттуу маселелер, ошондой эле заманбап коркунучтарга каршы туруу жамааттык пикир алышууну жана аларды чечүүнүн жолдорун издөөнү талап кыларын кошумчалады.

Эки өлкөнүн лидерлери мындан аркы өз ара аракеттенүү боюнча биргелешкен пландарды белгилеп, ар кыл тармактарда өз ара пайдалуу кызматташууну тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Количество просмотров: 203