• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жапаров түрмөдө жатып кантип элдин ишенимине ээ болгонун айтты

12 Үчтүн айы 2021 11:41 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандагы президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча жеңишке жеткен Садыр Жапаров россиялык «Комерсант» басылмасына интервью берип, анда элдин ишенимине кантип ээ болгонун айтып берген. Ал «Одноклассники», Facebook, Instagram тармактарында группаларды түзүп, эл менен байланышта болуп турганын белгилеген.

«Жарандардын контактыларын топтоп WhatsApp каналынан 50дөй тайпа ачтым. Алар аркылуу «Кумтөр» жана өзүмдүн иштерим тууралуу маалыматтарды жайылттым. Ошентип, 3,5 жылдын ичинде жалпы элге үнүмдү жеткирдим. Абакта 24 саат бою бошсуң да. Ушундай жол менен мен түрмөдө жатып революция жасадым», — деген Жапаров.

Ошондой эле Жапаров абакта өткөргөн 3,5 жыл ичинде ошол жердеги жөнөкөй жарандарга жардам берип турганын кошумчалаган.

«Түрмөдө отурган кезде кылмышкерлерге жардам берген жокмун. Жөнөкөй жарандарга гана көмөк көрсөттүм. Абакта отурган маалда мага жүздөн ашык адам кайрылып, баары тең эркиндикке чыгышты. Кийин алар мени жакшы адам деп маалымат жайылта башташты. Эркиндикке чыкканымда алардын бардыгы митингде жүрүштү, мени колдоп жатышты. Үчүнчү революциянын сыры ушунда», — деди Жапаров.

Ал эми журналисттин «абакта отуруп алып соцтармакка кирүүгө мүмкүн беле» деген суроосуна Жапаров мыйзам боюнча болбой турганын бирок биз жолун табышканын айткан.

Количество просмотров: 83