• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жапаров: Төрт-Көчө тилкесиндеги үйлөр алынат

17 Жетинин айы 2022 14:15 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин 17-ноябрдагы жыйынында Төрт-Көчө тилкесине статус-кво берилип жатканын билдирди. Өлкө башчы анын алкагында Тажикстандан 20га жакын, Кыргызстан тараптан үч-төрт турак жай алынарын кошумчалады.

“Сиз кол коюп жиберген (ред: Адахан Мадумаров) протокол боюнча “ал мыйзамсыз” деп айтып атасыз. Бирок тигил тарап барбайт экен. “Мына” деп эле көрсөтүп туруп алат экен. Бир нече жолу көрсөттү. Өткөндө Астанада да үч тараптуу жолугушууда “кол коюп берип эле аткарбайт” деп көрсөтүштү. Андан бери Камчыбек Кыдыршаевич эки жолу сүйлөшүп келди. Биз эми аны кайра кайтарып, нейтралдуу, статус-кво бердиртип атабыз. Андай болсо сеники да, меники да эмес болсун деп ушуга макул кылдык. Эгерде айнып кетпесе эле. Нейтралдуу аймак. Биз Лейлекке түз өтөбүз. Алар Ворухга түз кетет. Ортодо нейтралдуу зона болот, ортодогу үйлөр алынат. Тажикстан тараптан 20га чукул, бизден 3-4 үй алынат”, — деди Садыр Жапаров.

Количество просмотров: 319