• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Жапаров Тажикстанга барат

13 Аяк оона 2021 17:23 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын борбору Дүйшөмбүдө 16-сентябрда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясы өтөт. Тажик президенти Эмомали Рахмондун төрагалыгы алдында өтө турган жыйынга уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары катышат. Бул тууралуу маалымат Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында жарыяланды.

Анда ЖККУга кирген өлкөлөрдүн президенттери Александр Лукашенко (Белорус), Касым-Жомарт Токаев (Казакстан), Садыр Жапаров (Кыргызстан), Владимир Путин (Орусия), Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана уюмдун баш катчысы Станислав Зась катышары белгиленген.

Кыргыз президентинин администрациясы Жапаровдун Дүйшөмбү сапарын расмий ырастай элек.

Количество просмотров: 784